reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1634 % % 0.15
EURO 28,9690 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.681,17 % % 0,40
ÇEYREK A. 2.748,72 % % 0,40
BITCOIN 725.759 % 0.011
Соңку кабар
reklam
Google News

Кыргызстандык боксчулар Бишкекте өткөн эл аралык мелдеште 23 медаль жеңди

Son Güncelleme :

27 марта 2023 - 14:04

reklam
Кыргызстандык боксчулар Бишкекте өткөн эл аралык мелдеште 23 медаль жеңди
reklam

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Спорттук иш-чара 21-25-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Белорусь жана Түштүк Кореянын спортчулары катышты.

 

Боксчулар 48, 51, 54, 57, 60, 63,5. 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг салмак категорияларында күч сынашты.

 

Жалпы эсеп боюнча Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы 23 медаль (6 алтын, 7 күмүш, 10 коло) жеңди.

 

Алтын медалдын ээлери:

54 кг — Санжар Сейдакматов;

57 кг — Ислам Төрөбаев;

63,5 кг — Жантөрө Ташиев;

71 кг — Элдар Турдубаев;

75 кг — Данияр Дамир уулу;

86 кг — Эркин Адылбек уулу.

Күмүш медалдын ээлери:

48 кг — Анваржан Ходжаев;

67 кг — Жакшылык Таалайбеков;

71 кг — Нурадин Рустамбек уулу;

75 кг — Даниел Абдрахманов;

80 кг — Омурбек Бекжигит уулу;

92 кг — Бакыт Токтосун уулу;

+92 кг — Оомантбек Элчоро уулу

Коло медаль ээлери:

48 кг — Жеңиш Улпатов;

63,5 кг — Иктияр Нишанов;

67 кг — Элзат Саттаркулов;

75 кг — Султан Асанкул уулу жана Сагын Сатыбалды уулу;

80 кг — Азамат Усенов;

86 кг — Данияр Орозбеков;

92 кг — Бакыт Токтосун уулу;

+92 кг — Сапарбек Саипов жана Адлен Абидин уулу.

 

Белгилей кетсек, эл аралык мелдештин байге фонду 40 миң АКШ долларын түздү.

1-орун 1400 $;

2-орун 700 $;

3-орун 500 $;

3-орун 500 $.

reklam