

Быйылкы жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда орточо номиналдык эмгек акы 30 миң 93 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирет.
2022-жылдын апрелинен берки жыл ичинде Кыргызстанда орточо эмгек акы 42.4%га өстү. Улутстатком көрсөткүчтү эсептөөдө өлкөнүн кичи ишканаларындагы эмгек акы эске алынбаганын белгилейт.