Кыргызстанда орточо айлык 30 миң сомго жетти

Wp Pw

2023-жылдын январь айында орточо айлык эмгек акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 29 912 сомду түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41.4%га өстү, ал эми анын реалдуу көлөмү керектөө бааларынын индексин эске алганда 22.6%га өстү. Бул тууралуу  Улуттук статистика комитетти билдирди.

Мекеменин алдын ала маалыматы боюнча, Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 3%ды түздү.

Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2023-жылдын январь-февраль айлары 2022-жылдын январь-февралына карата) 15.8%ды түздү.

Next Post

Шаардык мэриянын эки кызматкерине кылмыш иши козголду

2021-2022-жылдарга байланыштуу Бишкек шаардык мэриясынын мыйзамсыз түрдө айлык акыларын көтөрүп алган фактысын Бишкек шаардык прокуратурасы аныктаган. Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматта казына 781 млн 397 миң сомго зыянга учураган. Аталган жылдар аралыгында ай сайын кошумча төлөм акы берилип турган. Прокуратуранын билдириши боюнча мэриянын жетекчилиги, шаардык кеңеш жана финансы башкармалыгы мыйзамсыз […]