Кыргызстанда кайсы айылдардын аты өзгөрөт? Тизме

Автор

Кыргызстанда бир катар айыл аймак жана айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталууда. Бул жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин коомдук талкуусуна коюлган.

Бийлик муну менен улуттук идеологияны чыңдоо, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүүнү көздөөдө.

Айыл аталаштарын төмөнкүдөй кылып өзгөртүү сунушталган:

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды деп атоо;

 

Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагына Э. Дайракуновдун ысымын берүү;

 

Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Куру-Маймак айылын Сатыкей деп атоо;

 

Манас районунун Май айыл аймагындагы Новодонецкини Айтматов айылы деп атоо;

 

Покровка айыл аймагын Семетей, Покровка айылын да Семетей деп атоо;

 

Талас районунун Бердике баатыр айыл аймагынын Козучак айылын Жанкороз-Олуя деп атоо;

 

Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылын Бообек айылы деп атоо;

 

Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагынын Теплоключенка айылын Ак-Суу деп атоо;

 

Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагынын Ичке-Булуң айылын Коңурат айылы деп атоо.

Бөлүшүү:
Next Post

Килиан Мбаппе талашка түштү

Франциянын футбол командасынын лидери Килиан Мбаппе өзүнүн келечегин чече элек. Ал “Пари Сен-Жермен” клубу менен келишимин узартууну көздөбөйт жана эркин агентке айланат. Бирок анын кайда ойноору белгисиз бойдон калууда. Атактуу  чабуулчунун келишими 2024-жылдын жай айларында аяктай турган ПСЖден кийин  Килиан мырза  Реал Мадридге кетет деген кеп көптөн бери айтылып келген. […]

Сизге жагышы мүмкүн