Баткенде тоннасы 5 миң сомдон арзан көмүр сатылууда. Даректери

Автор

Баткен облусунда 6 көмүр кампасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, бул  кампаларда көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон сатылууда.

“Арзан баадагы көмүр биринчи кезекте 2021-2022-жылдардагы чек ара окуяларынын жабырлануучуларына, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө берилет. Андан соң катардагы жарандардын да алуу мүмкүнчүлүгү бар. Лейлек жана Баткен району, Баткен шаарындагы көмүр кампаларында Сүлүктү кенинин көмүрү, ал эми Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарында Бел-Алма кенинин көмүрү сатылат”, – деп айтылат маалыматта.

Көмүр кампалардын даректери:

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагы, ЦРМдин аймагы;

Раззаков шаары, “Тазалык” ишканасынын аймагы;

Баткен шаары Самат Сыдыков көчөсү, болжол менен Баткен ТВнын арт жагы;

Кадамжай району, МАИ кызматынын айып короосунун алды;

Ак-Татыр айыл өкмөтү, Рават айылы, Колтук көчөсү, үй номери 25;

Кызыл-Кыя шаары, Жусубалиева 137.

Бөлүшүү:
Next Post

Төрага Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүү боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүү демилгеси боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, коомчулуктун пикири дагы эске алынат. «Албетте, социалдык тармакта талкуу болуп жатат. Ошол эле учурда туура сындар бар, туура эмес сындар бар. Алардын баарын карайбыз. Бирок биз бул өзгөртүүнү жасайбыз», — деди ал. Белгилей кетсек, Жогорку […]

Сизге жагышы мүмкүн