“Курултай жөнүндөгү” мыйзамдын чийкилиги айтылды

Автор

“Кыргызстанда Курултай болду. Биз президентти сыйлайбыз. Мына, алдыбызда “Курултай” деп жүрүп, өмүрүн өткөргөн адамдар отурасыңар. Ушул кантип болсун? Айыл өкмөттүн чарбасына кийлигишип, акчасын санагыдай силер кимсиңер?”- деди Шайлообек Атазов “Курултай жөнүндөгү” мыйзамды парламенттик талкууга алып келген Кадыр Кошалиев, Чолпонбек Абыкеев жана Чолпонкул Арабаевди. Депутат “Курултай жөнүндөгү” мыйзамдын чийкилигин белгилеп, эл өкүлдөрүн сыйлоого чакырды. “Комитет кайтарган чийки мыйзамыңарды алымча-кошумчалары менен толуктап алып келбейсиңерби? Же, депутаттардын колу – бутун кайрып, өткөрүп алабыз деп ойлодуңарбы?”-деген нааразычылыгын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт

Бүгүн Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Нооруз майрамына арналган салттуу кайрымдуулук дипломатиялык жарманке бүгүн, 16-мартта саат 13:00дөн 19:00гө чейин Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда өтмөкчү. Жарманкеде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген уникалдуу буюмдар жана сувенирлер, жарманке учурунда сатып алууга боло турган улуттук даамдар жана суусундуктар коюлат. Жарманкени Тышкы […]

Сизге жагышы мүмкүн