Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев президент сунуштаган Курултай жөнүндөгү мыйзамга каршылыгын билдирип, “силер президенттин башын айландырып, Башмыйзамга киргизип алгансыңар. Силер эмне кыласынар, колуңардан эмне келет”,- деди президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевге. “Мен сунуш берем, курултайчылар 2 жылда 1 жолу кезигишип, кооз сөздөрүн сүйлөп кетишсин, бюджет бөлүнбөйт”,- деп билдирди. Парламентте талкууланып жаткан Курултай мыйзамына депутаттар каршы пикирлерин билдиришти. Депутат Жанар Акаев болсо, Курултайдын делегаттарынын эч кандай укугу болбойт деп билдирип, алардын аким, губернатор же, айыл өкмөттөргө тили өтпөй турганын, жылда бир жолу филармонияда сөз сүйлөп, сүрөткө түшүп кете беришсе болоорун айтты.
Акыйкатчынын орду талашка түштүбү?
Бей Май 11 , 2023
Атыр Абдрахматова Акыйкатчынын кызмат ордун тапшырып кеткенден кийин ал жер талашка түшкөнү, айрым саясатчылар партия лидерлеринин эшигин каккылап жатканы каңкууланууда. Өмүрбек Бабановдун партиясын жетектеп, ал жерден кеткенден “Альянс” партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бирине айланган Мирлан Жээнчороев Акыйкатчы кызматына аттанганы айтылып жатат. Октябрь окуяларынан кийин жаңы бийликке ичи чыкпаган саясатчы катары Мирлан Жээнчороев […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/05/8aa0dbf5-053f-4d17-b687-6f092502fe14.jpg)