Борбор калаадагы Ош базар менен Батыш автобекети Пригородное айылы жактагы “Достук” кичи районунун тушуна көчөт. Бул тууралуу Транспорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчүрүү иштери 2024-жылы башталат. Учурда көчүрүү механизмдери жана эскиздер даярдалууда.
Ошондой эле, Чыгыш автобекетин Курманжан датка көчөсү менен айланма жолдун кесилишине көчүрүлөрү пландалып жатат.
Дүй Сен 25 , 2023
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг Сербияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча жарыяланды. Белградда Шаршенбеков алтын медаль тагынган. Бул жыйынтык менен балбан 100 миң рейтингдик упайга ээ болуп, 60 килограммга чейинки салмак категориясында 1-орунга көтөрүлдү. Мындан тышкары Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгында Айсулуу […]