Россиянын Москва облусундагы «Крокус сити холл» концерттик залында жасалган терактыдан каза тапкандардын саны 115ке жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетине таянып, РИА Новости жазууда.
Алдын ала маалыматта каза тапкандарга ок тийген, айрымдары ышка ууланышкан. Каза тапкандардын үчөө жаш балдар. Жаракат алгандардын саны 180ден ашык. Анын ичинде сегизи жаш балдар.
Эске салсак, куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги “Крокус Сити Холл” концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган. Орусиянын Тергөө комитети окуяны “теракт” деп атап, кылмыш ишин козгоду.
Орусияда 24-март аза күтүү күнү деп жарыяланды
Ише Мар 23 , 2024
Орусиянын президенти Владимир Путин «Крокус сити холлдо» теракттан кийин кайрылуу жасап, 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Ал өз кайрылуусунда кол салууну “кандуу варвардык акт” деп атап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ал адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн бардыгын жасаган Тез жардам кызматкерлерине, өрт өчүрүүчүлөргө жана куткаруучуларга ыраазычылык […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/03/v-rossii-ob-yavlen-natsionalnyj-traur-po-pogibshim-na-pozhare-v-kemerove-2.jpg)