Коомго терс жорук жосундарды жасагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Автор

“Өздөрүнчө уюшуп, коомубуздун оюн, жашоо тиричилигин, үрп-адатын, салт-санаасын башка жакка буруп кеткенге аракет кылып жаткандарга каршы күрөштү күчөтүшүбүз керек. Себеби бул биздин, мамлекетибиздин келечеги. Кыргыз кыргыз болуп жаралгандан бери өзүнүн салты, карманган Ислам дини бар. Кыргыздын өзүнүн каада-салты, үрп-адаты, жашоо тиричилиги, кулк мүнөзү калыптанган. Кыргыздын өзүнүн келечеги болот. Ушул келечекти сактап калуу биздин колубузда.
Азыр айылдарда, шаарларда ата-бабаларыбыз туткан салтуу Ислам дининен өзгөчөлөнүп динибиздин жаңыланган бурмаланган эреже талаптарын чыгарышып, ар түрдүү коомго терс кийим кечектерди кийишип, кебетелерин өзгөртүшүп, диний фанатизмдин салттуу Исламга туура келбеген жорук жосундарын жазап жаткандар бар экени жашыруун эмес. Билесиңер эми муну ачык айтып коюу керек. Мен айтамбы айтпайбы баардыгын тең көрүп жатасыздар. Кыргыз кыргыз болгондон бери зыңкыйып жургөн. Сакал койбо деп эч ким айтпайт. Тартиби менен койгула. Жоолукту салынгыла. Жаман адаттардан арылгыла. Жоолуктарды салынып, жакшынакай кийинип жургүлө. Бирок башка элдердин, башка журттардын, башка диний агымдардын үрп-адатын бизге алып келбегиле. Дүйнөдө бүгүнкү күндө 200дөн ашык мамлекет бар. Сауд Арабия, Катар, Түркия, Россия, Казакстан деген мамлекеттер бар. Кыргызстандын өзүнүн каада-салты, тарыхы бар. Мына ушуларды сактап, кийинки муундарга өткөрүп беришибиз керек. Биз кыргыздар эч качан араб болуп кетпейбиз. Биз эч качан орус болуп кетпейбиз. Кыргыздар кыргыз бойдон калабыз.
Ушул маселени аягына чейин чыгарышыбыз керек. Көзөмөлдөшүүбүз керек. Кийинки муундарга жаман адаттарды үйрөтүп жаткандар көбөйүп кетти. Ушул багытка катуу көңүл буруп, айрыкча жаштарыбызды ар кандай экстремисстик уюмдардын азгырыктарынан сактап калышыбыз керек. Болбосо мектепти жамандаган, медицина талаптарына акарат келтирген, ал түгүл мамлекеттин саясатына түз карабаган миссионерлерди ээн-эркин калтырып коюуга болбойт. Жер-жерлерде кээ бир миссионерлер жүрөт. Балдарын мектепке жөнөтпөй, үйлөрүн караңгылатып, үйлөрүнөн телевизорлорду койдурбай жаман үрп-адаттарга өтүп алышкандар бар. Ошолордон бери карап чыккыла. Ар бир айылды карагыла. Бир дагы жерде мындай терс көрүнүштөр болбосун. Баш ийбей тургандар болсо мыйзамдын чегинде жоопко тартабыз”,-деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Мыктыбек Оралбай уулу UFC уюмундагы алгачкы беттешин жеңди

Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оралбай уулу UFC уюмундагы алгачкы беттешинде атаандашын утуп алды. Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн. 77 кг салмакта октагонго чыккан Мыктыбек Оралбай уулу атаандашы сербиялык Урош Медичти беттештин экинчи раундунда муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган. Мыктыбек Оралбай уулу UFC уюму менен жалпы төрт беттешке келишим түзгөн. Кыргызстандык мушкер […]

Сизге жагышы мүмкүн