КМШ өлкөлөрүнүн  оюндарынын катышуучуларына визасыз режим киргизилди

Автор

Беларустун президенти Александр Лукашенко КМШ өлкөлөрүнүн алдыда өтө турган II оюндарынын катышуучуларына визасыз режим киргизди. Беларус башчысы тиешелүү жарлыкка кол койду, анын аркасында спортчулар жана волонтерлор жеңилдиктерге ээ болушат.

Алардын арасында Беларусияга визасыз кирүү, өлкөнүн аймагында каттоодон бошотуу, коомдук транспортто бекер жүрүү, бекер тамак-аш, жатакана, логистика, транспорттук чыгымдардын өлчөмүндө кирешеге салык салуудан бошотуу жана башка колдоолор бар.

Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн экинчи спартакиадасы 2023-жылдын 4-августунан 14-августуна чейин Беларустун 11 шаарында спорттун 20 түрү боюнча өтөт. КМШ өлкөлөрүнүн II спартакиадасына Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын спорттук делегациялары катышары пландалууда.

Мындан тышкары Монголиянын, Кытайдын, Кубанын, Ирандын, Омандын жана Сауд Аравиянын делегацияларынын айрым спорт түрлөрүнө катышуусу боюнча суроолор иштелип жатат.

КМШ өлкөлөрүнүн биринчи оюндары 2021-жылдын 4-11-сентябрында Казань шаарында (Орусия) өткөн. Аларга тогуз өлкөдөн, анын ичинде Кыргызстандан 14 жаштан 23 жашка чейинки 1139 спортчу катышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Базар-Коргондо сел жүрдү

Жалал-Абад облусундагы сел каптаган аймактарда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 14- май күнү саат 02:30 чамасында Базар-Коргон районунда жаандан улам Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Ат-Кол чегинен түшкөн суу агындылары арыктан ашып, 15 турак үйдүн короо сарайларына кирген. Жабыркагандар […]

Сизге жагышы мүмкүн