Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын орун басары Игорь Жовкванын айтымында, Европанын сегиз мамлекети Украина үчүн согуштук учактар коалициясына катышаарын ырастады.
Бейшемби күнү Зеленский Киев Раммштейн форматындагы кийинки жолугушууда “согуштук учактардын коалициясын” түзүү боюнча расмий чечимдин үстүндө иштей турганын айтты. Кишиневдо Европалык саясий шериктештиктин экинчи саммитинин алкагындагы маалымат жыйынында ал Киевди согуштук учактар менен камсыздоого көп сандаган өлкөлөр даяр экенин билдирди.
“Коалиция европалык бөлүгүнүн негизи сегиз өлкөнүн катышуусу менен түзүлдү: Улуу Британия, Голландия, Польша, Дания, Швеция, Бельгия, Португалия жана Франция кирди»,-деди Жовква.
Өзбекстандын президенти Кыргызстанга келди
Жум Июн 2 , 2023
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди. Аны Ысык-Көл эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Шавкат Мирзиёев 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышат. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/06/1685688501.jpeg)