

Билим берүү жана илим министрлиги кесиптик лицейлерди жеке секторго ижарага берүүнү пландап жатат. Бул боюнча министрдин орун басары Расул Авазбек уулу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, министрлик ижарага берүүдө киреше алып келүү жагын карайт. Бирок, жеке менчикке мыйзамдын алкагында гана берилет.