Кедей текебер болбошу керек

Автор

Борбор Азиядагы айрым тың өлкөлөрдүн шамалына илешип алып, биз да кетип атабыз. Кудай сактасын, айрым шалп ооздор “Туранды кайра тирилтебиз” деп өздөрүнчө күпүлдөп атышат. Чөнтөгү жука элдин балдар, кыздары деле утурумдук ойлонот экен. Түрк мамлекеттер уюму менен бирге өнүгөбүз деген утопияга ишенип алгандарды көрүп, таң каласың. Ал аты бар бирок, заты жок уюм. Ирегелеш өлкөлөр бизди ат чабым алыска таштап, өздөрү чуркап баратышат, аны менен эч кимдин иши жок.

Саясий майданда кыргыздан нан талашкандар ошол эле уруулаш, тектеш элдер. Ошон үчүн тарыхый достордон кол үзбөй, аларды капа кылбай жашаш керек. Популисттик кадамдар биз үчүн опурталдуу. Көчөлөр менен жер-суу аттарын көбүртүп, жабыртпай эле өзгөртө берели. Акырын жүргөн – көпкө жүрөт. Кайсы алыбызга кирилицадан кетебиз. Бул эмне деген чыгым? Саясий жагынан алганда деле кооптуу жагдай. Бул маселе күчтү, экономиканы жана мамлекеттин өктөмдүүлүгүн талап кылат.

Бизде мындай саясат жүрүп келатат:

Орусту, Кытайды же, Американы сөгөбүз да, кайра алардан жардам сурайбыз, жардам алабыз. Кедей текебер болбошу керек.

“Кыргыз Республикасынын тил мыйзамы” боюнча долбоордун колдо тапканы жакшы. Аны мүлдө кыргыз колдойт. Бирок, кыргызча билбеген башка улуттар кызматтан кетет деген жери туура болдубу? Балким, бул жобо кыргыз улутундагы кызматкерлерге таандык болсо деген ой. Айтор, ойлонуп иш кылчуу жагдайлар көп.

 

Манас Осмон журналист

Бөлүшүү:
Next Post

Севастополго чабуул жасалганы айтылды

Севастополго учкучсуз түзүмдөр менен чабуул жасалганын, Кара деңиз флоту сырткы соккуну кайтарганын губернатор Михаил Развожаев билдирди. Маалыматтарга караганда бир учкучсуз түзүм суу астындагы кайыктарга каршы диверсиялык отряддын күчтөрү тарабынан жок кылынса, экинчиси өзү жарылган. Шаарга кол салуу аракети саат 3:30да болгон. «Баары сырткы жол тилкесинде болгон, эч кандай объектилер жабыркаган […]

Сизге жагышы мүмкүн