Адамдарды жер титирөөлөр өлтүрбөйт бирок…

Wp Pw
0 0
Read Time:33 Second

Түрк курулушчулары салган үйлөрдү толугу менен текшерүүдөн өткөрбөсө, иш чатак. Түркияны көрдүңөр, жоон арматура колдонбогону же, дубалдын айрым жерлерин көбүк менен толтуруп, шыбап салганы эми ачыкка чыгып атат.

Маселен, Белорус, Румыния баш болгон бир топ өлкөлөр түрк ишкерлери курган үйлөрдү текшермек болду.

Адамдарды жер титирөөлөр өлтүрбөйт, имараттар өлтүрөт. Кыргызстан жер титирөөнүн очогундагы өлкөлөрдүн катарына кирет. Архитектура кызматы менен Бишкек шаарынын мэриясы биздин үйлөр 9 баллга чыдайт деп жатат. Бирок, өлкө жетекчиси какшык иретинде болсо да, “биздеги салынып жаткан үйлөрдү бир Кудайдын өзү гана билет”, -деген. Дүйнөнүн астанасын зилзала коркутуп атса, биздин чиновниктер камырабастык менен алек. Кандай болгон күндө да, колунда мүмкүнчүлүгү барлар отурган үйлөрүн текшертип, даярдык көрбөсө, чоңдордон үмүт жок.

Манас Осмон журналист

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Бишкекте  Ак калпак күнү белгиленет

5 – март күнү Улуттук  тарых музейинин алдында кыргыздын улуттук баш кийими “Ак калпак” күнүнө карата салтанаттту иш чара өтөт.  Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Иш- чара алгач саат 10:00дө  Тоголок- Молдо /Чүй проспектисинен “Ала- Тоо” аянтына чейин катышуучулардын жүрүшү  менен башталат. Салтанаттуу иш- чаранын […]