Астана облусунун райондор аралык соту Казакстандын мурдагы премьер-министри жана мурдагы УКМК төрагасы Карим Масимовду 18 жылга түрмөгө кесип, үй мүлкүн толук конфискациялоо чечимин чыгарды. Эми мөөнөтүнүн соңуна чейин камакта калтырылат. Карим Масимов 2022-жылдагы январь окуясына байланыштуу кармалган эле. Ал өз кезегинде Казакстандын транспорт министри, премьер-министри, Президенттик администрациянын башчысы жана Мамлекеттик катчы кызматын убактылуу аркалап, кармалганга чейин УКМКны жетектеген.
Төрага Нурланбек Шакиев Россияга расмий иш сапары менен барды
Шей Апр 25 , 2023
Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан билдиришти. Расмий сапардын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат. Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/04/budu-shtrafovat-za-proguly-spiker-zhk-prigrozil-deputatam-parlamenta-video.jpg)