

Туризмди өнүктүрүү фондунун директору Елена Калашникова жанан орун басары Александр Валитов камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул боюнча аталган кызматтан билдиришти.
Белгилүү болгондой, туризмди өнүктүрүү боюнча өлкө казынасынан 1 млрд сом бөлүнгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында каражаттар максатсыз пайдаланылганы, сол чөнтөккө солонгону аныкталган.