Бишкекте 2 миң электротакси ишке киргизилет

Автор

Бишкекте быйыл 2 миң электротаксини ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге берген маегинде билдирди.

Абдыкадыровдун айтымында, учурда Бишкекте электромобилдерди жана аларды кубаттоочу станцияларды көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө.

“Азыркы учурда Бишкекте 1 700 электромобиль бар. Күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Буга чейин жеке компания менен биргеликте электротаксилерди ишке киргиздик. Учурда 20 унаа кызмат көрсөтүүдө. Аталган компания дагы 100 электромобиль алып келүүнү көздөп жатат. Быйыл жалпысынан 2 миң электротаксини ишке киргизүү пландалууда”, – деди калаа башчысы.

Бөлүшүү:
Next Post

21-октябрга карата аба-ырайы

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 21-октябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;   Таласөрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;   Баткен, Ош, […]

Сизге жагышы мүмкүн