Парламент балким, казино жөнүндөгү мыйзамды артка кайтарып алышы мүмкүн. Бул боюнча Балбак Түлөбаев билдирди. “Акылбек Жапаров мыйзамды алып келатканда 2 млрд сомдон ашык каражат түшөт деген. Жылдын аягында биз сурайбыз. Казино иштетүү боюнча лицензияны экс-депутат, экс-губернатор болгон бирөө алды деген ушак чыгып жатат. Биз бир чиновник байысын деп, ал мыйзамды кабыл алып берген жокпуз”,- деди депутат. Өткөн айда козино иштетүү боюнча лицензияны Арзыбек Бурканов алды деген каңшаар тараган. Ал президенттин досу жана “Ишеним” партиясынын ээси катары белгилүү.
Ленин районундагы шайлоонун үгүт иштерине 9,4 млн сом жумшалды
Жум Май 26 , 2023
Ленин районундагы шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга талапкерлердин шайлоо фонддорунан 9 млн. 405 миң сом сарпталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Мыйзам ченемдерине ылайык бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: 150 миң сомдон ашпаган талапкердин жеке каражаттары; 1 млн. сомдон ашпаган саясий […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/05/246406274_399642781665211_1915839553292802506_n-1.jpg)