Ысык-Көл облусуна президенттин жаңы өкүлү дайындалды

Автор

Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Уланбек Далиев буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров аркалап келген. Ал күн мурун президент кол койгон жарлыкка ылайык кызматынан бошотулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Сууктан кантип сактануу керек?

Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөп, суук болууда. Синоптиктер кээ бир аймактарда абанын температурасы -33 градуска чейин төмөндөшү күтүлүп жаткандыгын эскертишти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууктан сактануу үчүн төмөндөгү эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертет. Сууктан сактануу эрежелери Эң алгач, кан айланууну камсыздоочу кан тамырларды коргоо үчүн башты жана моюнду жылуу кармоо зарыл. Мындан […]

Сизге жагышы мүмкүн