Кыргыз парламенти казинолорду кайрадан жабуу боюнча демилге көтөрөөрү тар чөйрөдө айтылып жатат. “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун министрлер кабинети депутаттарга алып келгенде, алар 2 же, 3 млрд сом киреше табууну көздөп жатышканын айтышкан. Бирок, маалым болгондой, казинодон түшкөн каражат 700 млн сомдон ашкан эмес. Коомчулук болсо, келечек муунду кылмыш дүйнөсүнөн сактап калуу үчүн казинолорун жабылышын суранып жатышат.
Энергетика министрлиги жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды
Бей Ноя 16 , 2023
Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды. Мекеме электр энергиясын үнөмдөөчү лампа колдонуу жылына 170 Квт/с үнөмдөй тургандыгын билдирет. Керектөөчүлөр үчүн жарыкты үнөмдөөнүн эң жөнөкөй жолдору: Колдонуп жаткан лампаларды, айнек терезелерди чаңдан тазалап туруу; Бөлмөдөн чыгып бара жатып жарыкты өчүрүп туруу; Үй тиричилигин сатып алууда электр жабдуулардын энергия сарптоочу классына […]