Энергетика министрлиги жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды

Автор

Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Мекеме электр энергиясын үнөмдөөчү лампа колдонуу жылына 170 Квт/с үнөмдөй тургандыгын билдирет.

Керектөөчүлөр үчүн жарыкты үнөмдөөнүн эң жөнөкөй жолдору:

Колдонуп жаткан лампаларды, айнек терезелерди чаңдан тазалап туруу;

Бөлмөдөн чыгып бара жатып жарыкты өчүрүп туруу;

Үй тиричилигин сатып алууда электр жабдуулардын энергия сарптоочу классына көңүл бөлүү;

Сыналгы, планшет, уюлдук телефон жана башка электр жабдуулардын кубаттагычын сууруп туруу;

Чаң соргучту тез-тезден тазалап туруу;

Министрлик ушундай эң жөнөкөй жолдорду аткаруу менен үй-бүлөлүк чыгымдарды азайтууга болорун эске салат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы белгиленет

Бишкекте Кыргыз эл жазуучусу жана Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Мааракелик иш-чаралар 23-ноябрда өтөт. Саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында китеп көргөзмөсү өтөт. Ал эми саат 16:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык […]

Сизге жагышы мүмкүн