Казакстан буудай аянтын кыскартат

Автор

Быйыл Казакстанда буудай айдоо аянты 429 миң гектарга кыскарып, анын ордуна социалдык маанилүү жана жогорку кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянты көбөйөт. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында айыл чарба министри Айдарбек Сапаров билдирди.
Анын айтымында, буудайдын ордуна май өсүмдүктөрүн айдоо аянтын 385,7 миң гектарга, анын ичинде күн караманы 60 миң гектарга, ал эми май өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянтын 3,2 миллион гектарга чейин көбөйтүү пландалууда. Ошондой эле картошканын айдоо аянты 6,9 миң гектарга, гречка 10,6 миң гектарга, кант кызылчасы 12 миң гектарга көбөйөт.
Себүү иштери май айынын экинчи жарымында башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент “Ак шумкарларды” жеңиш менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргыз Республикасынын жана Кытайдын Тайбэй улуттук курама командаларынын ортосундагы футболдук беттешке барды. Кыргызстандын курама командасы 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Оюнчуларды колдоо үчүн 13 миңден ашык күйөрман келди. Оюн аяктагандан кийин Мамлекет башчысы Кыргызстандын футбол командасын ишенимдүү жеңиши менен кийим алмаштыруучу […]

Сизге жагышы мүмкүн