Президент “Ак шумкарларды” жеңиш менен куттуктады

Автор

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргыз Республикасынын жана Кытайдын Тайбэй улуттук курама командаларынын ортосундагы футболдук беттешке барды.
Кыргызстандын курама командасы 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Оюнчуларды колдоо үчүн 13 миңден ашык күйөрман келди.
Оюн аяктагандан кийин Мамлекет башчысы Кыргызстандын футбол командасын ишенимдүү жеңиши менен кийим алмаштыруучу бөлмөсүнө барып, куттуктады. Садыр Жапаров футболчулардын даярдык деңгээлин, машыктыруучу штабдын ишин жогору баалап, күйөрмандарга жагымдуу маанай тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент Садыр Жапаров өлкөнүн улуттук курама командасы мындан ары да эл аралык мелдештерде ийгиликтерге жетишүүсүн каалады. Ал эми мамлекет өз кезегинде спортчуларга толук колдоо көрсөтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

"Крокус Сити Холлдогу" теракт: Кыргызстандык эки кыздын аты-жөнү каза болгондордун тизмесине кошулду

Москвадагы “Крокус Сити Холлдогу” кандуу окуяда кыргызстандык эки кыздын аты-жөнү каза болгондордун тизмесине кошулду. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Белгилүү болгондой, 24 жаштагы Жусупова Эдита жана 20 жаштагы Гүлжигит кызы Маиза аттуу кыздар кандуу окуя болгон жерде эмгектенишкен. 22-марттан бери дайынсыз болуп жаткан кыздарды элчилик издеп жатканы маалымдалган. […]

Сизге жагышы мүмкүн