Казакстанда Россия менен чектеш жерде токой өрттөнүп жатат

Автор

Өрттүн аянты 2 миң гектарга көбөйдү
Казакстанда Абай районундагы Батпаев токой чарбасынын аймагындагы 2 миң гектар жерди өрт каптаган.
Өрттү өчүрүүгө 167 адам, 47 техника, анын ичинде үч тик учак катышууда. Калктуу конуштарга эч кандай коркунуч жок.
Өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильиндин буйругуна ылайык, өрт чыккан жерге Чыгыш-Казакстан, Караганда облустарынын жана Астана шаарынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн кошумча күчтөр жана каражаттар жөнөтүлдү», — деп билдирди ӨКМ.
Үч конуштун тургундары үйлөрүн таштап кетишкенин ӨКМ билдирди.
«Саат 00.00дө жергиликтүү аткаруу органдары Бородулиха айылында мектеп жана колледждин базасында эвакуациялоо пункттарын жайгаштырышты. Успенское, Поднебесное жана Барышевка айылдарынын калкы өз алдынча туугандарына тарап кетишкен. Коомдук тартипти сактоо үчүн жеринде райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан нөөмөт уюштурулган.
Абай районундагы токой өртү бир күн мурда, 8-июнда башталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз драма театрынын июнь айы репертуары жарыяланды

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры июнь айындагы   репертуарын жарыялады. Бул тууралуу театрдын соцтармактагы расмий баракчасында жазылууда. Маалыматка ылайык, спектаклдер саат 18:00 башталат: Жаңы чыгарып жаткан Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде коюлган “Ашуу”   спектакли  3 күн болот! 16-17-18-июнь 20-июнда Ж.Садыков “Төлгө” спектакли менен расмий түрдө 96-театр сезону […]

Сизге жагышы мүмкүн