Түркиянын президенти жаңы «Алтай» танкы сыноого берилгенин жарыялады

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган жаңы «Алтай» танкы Түрк куралдуу күчтөрүнө сыноо үчүн берилгенин жарыялады.
«Жаңы «Алтай» танкы биринчи жолу он жыл мурда чыгарылган прототиптен таптакыр башкача жана мыкты мүмкүнчүлүктөргө ээ»,-деди.
Согуштук унаа 1919-1923-жылдары Түркиянын боштондук согушуна катышкан генерал Фахреттин Алтайдын элесине арналып Алтай деп аталды. Танк түрк коргонуу ишканалары тарабынан иштелип чыккан. Башкаруу компьютердик системанын жардамы менен ишке ашырылат.
Биринчи этапта 250 танк чыгаруу каралган. Жалпысынан Анкара миң согуштук унаа чыгарууну пландоодо. Келечекте учкучсуз версияларды чыгаруу пландалууда.
«Алтай» кемеси Түрк куралдуу күчтөрүнө кызмат кылган Германиянын Леопард жана Американын M60 танктарынын ордуна коюлат.
Унааны сыноону 2024-жылы аяктоо пландаштырылууда, 2026-жылдын экинчи жарымында ата мекендик кыймылдаткычы бар танктын массалык өндүрүшү башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Экинчи мээ деп аталган ичеги тууралуу таң калтырган фактылар

Ичеги эмнеге экинчи мээ деп аталат? Ичеги тууралуу таң калтырган алты факты Өзүн-өзү башкарган нерв системасы Денедеги иммундук клеткаларыбыздын 70 пайызы ичегиде жайгашкан Заңдын 50 пайызы бактерия Көп түрдүү азык – ичеги микрободорун жакшыртат Сиздин маанайыңыз ичегиңизге көз каранды Ичегинин саламаттыгын жакшыртса болот Албетте, бул органдын аты ичеги. Ичеги миллиондогон […]

Сизге жагышы мүмкүн