НАТОнун өлкөлөрү ок-дарыларынын запастарын түгөтүштү. Бул тууралуу Түндүк Атлантикалык альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг Bloomberg агенттигине берген маегинде билдирди.
Ушуга байланыштуу НАТОнун баш катчысы блокко мүчө өлкөлөрдү НАТОго жумшаган чыгымдарын ИДПнын 2 пайызга чейин тез арада көбөйтүүгө жана коргонуу компаниялары менен көбүрөөк келишим түзүүгө чакырат.
«Учурда шериктештер Украинаны колдоо үчүн өз запастарын түгөтүштү – бул туруктуу жол эмес, ошондуктан биз бул жаңы жана амбициялуу максаттарга жетүү үчүн өндүрүштү көбөйтүүбүз керек»,-деди Столтенберг.
Бишкек-Балыкчы багытында поезд 16-июндан тарта каттайт
Жум Июн 2 , 2023
16-июндан тартып Бишкектен Ысык-Көлгө поезд каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү, 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө каттайт. «Поездде панорамалык терезелер, кондиционер, муздак жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар. Билеттерди алдын ала 12-июндан баштап сатып алууга болот»,-деп […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/06/25804c927b782cfe621f2cadc6c27bce.jpg)