Ирландияда башаламандык башталды

Автор

Дублинде бир адам кичинекей балдарга бычак менен кол салгандан кийин башаламандык башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык,  Дублин шаарында  окуучуларга бычак менен кол салуу маалыматы соцтармактарга тарагандан кийин нааразылык акциялары башталган.  Каргашалуу окуяда 3 бала жана 2 киши жаракат алган.

Бир нече сааттан кийин Ирландиянын баш калаасынын көчөлөрүнө адамдар чыгып, иммигранттарга каршы ураандарды чакырган эл менен полиция кагылышкан. Митингчилер полициянын унаасын жана автобусту да өрттөштү.

Кол салган адам кармалып, бийликтер ал кишинин жеке маалыматын ачыкка чыгарышкан жок, бирок иммиграцияга каршы активисттер анын чет элдик экенин айтылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык парадзюдочулар Японияда өтчү мелдешке катышат

Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Япониянын Токио шаарында өтчү “Дүйнө Гран-При” аталышындагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Маалыматка ылайык, мелдеш 30-ноябрда башталып, 6-декабрга чейин уланат. Курама команданын тизмеси: 48 кг Хайитхон Хусан кызы (48 кг); 90 кг Давран Садыков (90 […]

Сизге жагышы мүмкүн