Индиянын премьер-министри поезддин кагылышына байланыштуу жыйын баштады

Автор

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 280ден ашуун адамдын өмүрүн алган Одиша штатында жүргүнчү жана жүк ташуучу эки поезддин кагылышына байланыштуу темир жол өкүлдөрүн жыйынга чакырды.
Индиянын Баласор шаарына жакын жерде жума күнү кечинде поезддер кагылышкан. Калькутадан Ченнайга бараткан жүргүнчү поездинин бир нече вагондору жүк ташуучу поезд менен кагылышып, рельстен чыгып, карама-каршы рельске кулап түшкөн. Бир канча убакыт өткөндөн кийин дагы бир жүргүнчү поезди аларды сүзүп, натыйжада дагы үч-төрт вагон адамдары бар рельстен чыгып кеткен. Соңку маалыматтарга караганда, поезд кырсыгынан кеминде 288 адам каза болуп, 900дөн ашууну жаракат алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Лионель Месси “ПСЖ” клубунан кетти

Француздук “Пари Сен-Жермен” клубунун  аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси сезондун аягында командадан кетерин жарыялады. Бул тууралуу “ПСЖ” клубунун сайтында жазылууда Аргентиналык чабуулчу эки сезонду Франциянын борборунда өткөрүп, париждиктерге эки ирет улуттук чемпиондукту жеңүүгө жардам берген. «Бул эки жыл үчүн клубга жана Парижге рахматымды айтам. Аларга келечектеги бардык жакшылыктарды каалайм», – деди […]

Сизге жагышы мүмкүн