ИИМ: Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугу көзөмөлдө

Автор

Ички ишер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоодо. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин буйругунун талаптарын аткаруу максатында Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында кылмыштуулуктун жана тартип бузуулардын алдын алуу, ошондой эс алууга келген меймандардын коопсуздугун камсыздоо менен кайгуулдоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Андан тышкары, кызматка чыгып жаткан кызматкерлерге командирлер тарабынан ар бир күнү мыйзамдуулукту бекем сактоо, жарандарга сылык, маданияттуу мамиле кылуу жана кесиптик этиканын нормаларын сактоо боюнча нускамалар ѳткѳрүүлүдѳ.

Бөлүшүү:
Next Post

Жүзүмдүн негизги пайдасы аталды

Дарыгерлер жүзүмдүн пайдалуу касиеттери жөнүндө айтып беришти. Жүзүмдүн данында А, Е жана К витаминдери, ошондой эле табигый майлар бар. Бул заттардын баары клеткаларды бекемдөөгө жана жашартуучу таасир берет. Бирок, мөмөлөрдү уруктары менен жеш керек, ошондо алар көбүрөөк пайда алып келет. Мындан тышкары, жүзүм өсүмдүктөрдүн эстрогендердин ресвератол тобунан бир затты камтыйт. […]

Сизге жагышы мүмкүн