reklam
reklam
hava Bulutlu
DOLAR 28,9919 % % 0.23
EURO 31,2252 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.866,62 % % -1,07
ÇEYREK A. 3.051,92 % % -1,07
BITCOIN 1.279.243 % -0.522
Соңку кабар
reklam
Google News

Зиядин Жамалдинов баштаган Ош облусунун бир катар жетекчилери кызматтан бошотулду — тизме

Son Güncelleme :

14 апреля 2023 - 10:22

reklam
Зиядин Жамалдинов баштаган Ош облусунун бир катар жетекчилери кызматтан бошотулду — тизме
reklam

Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

 

Буга байланыштуу бир катар жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилди.

 

Мамлекет башчысынын чечими менен:

 

— Жамалдинов Зиядин Исламович КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду;

— Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду;

— Ногоев Турусбек Молдобекович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду.

reklam