Бишкекте жылуулук берүү калыбына келтирилүүдө

Автор

Бишкек шаарында жылуулук берүүнү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ыкчам штаб билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Ленин районунда көп кабаттуу үйлөрдө жашаган «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын 727 абонентине, ошондой эле 3 мектеп жана 1 бала бакчага жылуулук берүү толук калыбына келтирилди.
Бул объектилер Пишпек районунда жана Ош базарына жакын жайгашкан. Температуралык режимди жакшыртуу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат. Көп кабаттуу үйлөрдө орточо температура турукташып, жылуулук менен камсыздоо динамикасы жогорулап жатат.
Социалдык мекемелерде да температура режими толук көзөмөлдөнүүдө. “Бишкек электр тармактар ишканасынын кызматкерлери бардык бузууларды жоюп, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат”, — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы туунун сүрөтү түшүрүлгөн паспорттор качан берилери айтылды

Өзгөртүлүп кабыл алынган туунун сүрөтү түшүрүлгөн улуттук паспорттор май айында даяр болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Ошол эле учурда 2017-жылы иштелип чыккан ID-карта, 2020-жылы иштелип чыккан жалпы жарандык паспорттор мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болуп эсептелет. Ал эми акыркы үлгүдөгү паспорттор мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык (мөөнөтү аяктаган учурда, жоготуп […]

Сизге жагышы мүмкүн