

Жылмаюу курстары Японияда популярдуу болууда. Айрым тургундар коомдук жайларда үч жыл тынымсыз беткап кийгенден кийин кантип туура жылмайууну унутуп калышканын моюнга алышат.
Курстарда адамдарга беттин ар кандай бөлүктөрүн, жада калса моюндун булчуңдарын сунууга жана ийүүгө үйрөтүшөт.
Идеянын авторлору акыркы айларда курстарга төрт миңден ашуун адам катышканын белгилешет.