reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0115 % % 0.19
EURO 21,3833 % % -0.24
GRAM ALTIN 1.249,93 % % 0,48
ÇEYREK A. 2.043,63 % % 0,48
BITCOIN 27.198,99 % 1.907
Соңку кабар
reklam
Google News

Жеңиш күнүнө карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер башталды

Son Güncelleme :

02 мая 2023 - 10:03

reklam
Жеңиш күнүнө карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер башталды
reklam

Улуу Жеңиш күнүнө карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер Жалал-Абад облусунда башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Оюндар Жалал-Абад шаарындагы “Телтору” ат майданында 2-майда башталып, 9-майда жыйынтыкталат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген командалар катышары күтүлүүдө.

Мелдештин жүрүшүндө көк бөрү, эр эңиш, ат оюндары, кунан чабыш, ат чабыш, тай чабыш, кыска аралыкка ат чабуу, бышты жорго, аламан ат чабыш, салбурун боюнча жарышат. Жалпы байге фонду 4 миллион сом.

Аталган оюндар Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

reklam