Умар Нурмагомедов атаандашын күтүүдөн чарчады

Автор

Орусиялык аралаш мушташ боюнча чебер Умар Нурмагомедов январь айынан бери октагонго чыга элек. Атактуу Хабибдин аталаш бир тууганына спорттук уюм  атаандаш таба албай жатышат.

Январь айында Умар Нурмагомедов бразилиялык Рауни Барселосту нокаут менен жеңген. Ошондон бери Умар  октагонго чыга элек.

UFC орусиялык мушкерге атаандаш издеп жатат. Бирок издөө иштери созулуп кеткен. Бул тууралуу Умар өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Качанга чейин чыдай алам, күтүүдөн тажадым”.

Умар Нурмагомедов ММА боюнча 16 беттеш өткөрүп, 16 жеңиштин баарын жеңген. Умардын аталаш агасы, жеңил салмакта дүйнөнүн мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов да 29 беттеште жеңишке жеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин саны 26га жетти

Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюу ниетин билдиргендердин саны 26га жетти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Аттокур уулу Илимбектен (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз […]

Сизге жагышы мүмкүн