Жер титирөөлөр 100 миллиард доллардан ашык зыян келтирди

Wp Pw

Түркиядагы жер титирөөлөрдөн келтирилген экономикалык зыян 100 миллиард доллардан ашат деп бааланууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын өкүлү Луиза Винтон билдирди. Ал белгилегендей, жер титирөөлөрдүн натыйжасында кырсык болгон аймактан үч миллионго жакын адам жер которгон. Жер титирөө 600 миңге жакын имаратты кыйратты.
6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7 баллдан ашкан эки жер титирөө болгон. Акыркы маалыматтар боюнча көз жумгандардын саны 46 миңден ашты.

Next Post

Кыргызстандык жөө күлүктөр эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча кыз-келиндер курамасы Ирандагы “Новруз Газ” эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу жеңил атлетика федерациясынан билдиришти. Мелдеш 10-15-мартта Тегеран шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар катышат:   Ангелина Тяпова, 60 метр; Анастасия Бондаренко, 60 метр; Екатерина Павленко, 60 метр жана 200 метр; Сабина Батаджиева, узундукка секирүү; Рената […]