Ресурстар жетиштүү: НАТО Израилди да, Украинаны да колдоого убада кылды

Автор

НАТОнун Израилди да, Украинаны да колдоо үчүн жетиштүү ресурстары бар.  Бул тууралуу альянстын башкы катчысынын орун басары Мирча Жоанэ румыниялык Digi 24 телеканалына берген маегинде билдирди.
“Менин оюмча, биздин альянстын деңгээлинде ресурстарыбыз жетиштүү.  Биз бул эки кырдаалды жеңе алабыз”,-деген Башкы катчынын орун басары альянс Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды тез арада тынчтандырууга жана Украинаны колдоону улантууга үмүттөнөрүн баса белгиледи.
Ал ошондой эле альянс “Россия жана терроризм” деп эки түз коркунучту аныктаганын, НАТОнун алар үчүн “конкреттүү коргонуу пландары” бар экенин баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

 Криштиану Роналдунун уулу  "Аль-Наср" (U-13) менен келишим түздү

Атактуу футболчунун  2010-жылы туулган тун уулу Роналду “Аль-Наср” менен келишим түзүп, 13 жашка чейинкилер курамасында ойнойт. Кичүү Роналду жакынкы күндөрү машыгууларды баштайт.  Жаш португалиялык  футболчу өзүнүн 7 номурун алган. Эске салсак, буга чейин Криштиану Роналдунун уулу  “Манчестер Юнайтед” жана  “Реал “ жаштар академияларында болгон.   13 жаштагы оюнчу  20 беттешке катышып […]

Сизге жагышы мүмкүн