Жапаров менен Түмөнбаев жоопко тартылышабы?

Автор

“Акылбек Жапаров уюшкан кылмыштуу топтор менен мамиле кылып, чай ичишкен, бирге баскан жана бирге иштеген болсо, мен аны жоопко тартканга макулмун. Бирок, ал 3 жылдан бери биз менен иштеп атат, алар менен эч кандай байланышы жок”,- деп айтты УКМК төрагасы УКМКнын Панфилов району боюнча жаңы салынган имаратын ачып жатып. “Ал эми Акылбек Түмөнбаев Эл шайлаган депутат. Ал Камчы Көлбаевдин жаназасына барса да, биз аны жоопко тарталбайт экенбиз. Эл кандай депутатты шайлап берсе, алар менен иштешебиз. Бирок, аларды да тазалаганга аракет кылып жатабыз. Акылбек Түмөнбаевди бүгүн эле мандатын тапшыртуу кыйын. Аны Эл шайлаптыр. Ал өзү чечсин, уят сыйытына койдук. Эгер мандатын тапшырып, кетип калса, өзүнө эле жакшы болот”,- деди генерал Камчыбек Ташиев. Элден Акылбек Түмөнбаев боюнча маалыматтарды сурады. Камчы Көлбаев менен азырынча, мамилеси аныктала электигин, билгендер маалымат берсе, бүгүн эле кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

18-19-ноябрда Бишкек шаарында кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш кундөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат. “Жарманкенин максаты – атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү”, […]

Сизге жагышы мүмкүн