Жапаров бир катар ГЭСтерге старт берди

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын жана Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында аталган облустардын активдери менен жолугушуп, айрым ишканаларды кыдырды.

Ат-Башы районундагы толук реконструкциядан өткөн ГЭСтин ачылышына катышып, ошол эле күнү Балыкчы-Кара-Кече темир жолун жана Орто-Токойго курулуучу ГЭСтин жери менен таанышты. Ошондой эле Тору-Айгырга барып, кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станциясын курууга капсула салды.

“Евразия канаттуулар фабрикасын” куруу долбоору менен таанышып,Тоң районундагы  “Метрум-Тек” шамал электр станциясынын курулушун көрдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Өлкө аймагында 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Чүйдө очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык кечээ, 5-апрелде саат 21:14тө өлкө аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чүй облусунун Кемин районунун Каиңды, Тар-Суу, Кароол-Дөбө айылдарында – 3,5 баллга жеткен. Ал эми […]

Сизге жагышы мүмкүн