reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1634 % % 0.15
EURO 28,9690 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.681,17 % % 0,40
ÇEYREK A. 2.748,72 % % 0,40
BITCOIN 725.759 % 0.011
Соңку кабар
reklam
Google News

Жанар Акаев, ЖК депутаты: «Асман шаарын коё туруп, Бишкек шаарын оңдоп албайлыбы?»

Son Güncelleme :

12 июня 2023 - 9:58

reklam
Жанар Акаев, ЖК депутаты: «Асман шаарын коё туруп, Бишкек шаарын оңдоп албайлыбы?»
reklam

Белгилүү оппозициялык депутат Жанар Акаев Бишкек чоң кыштакка айланып баратканын айтып, Асман шаарын коё туруп, Бишкекти оңдоп алууга чакырды. «Азыр Бишкек шаарын туташ проблемалар каптады. Жайында суу жок, кышында ыш, жолдорубуз болсо, эскирди. Жаңы конуштардын абалы абдан начар. Мектеп жана балдар бакчасы жетишпейт. Таштандыларды кайра иштетүүчү заводко акча бөлүнгөнү менен аныбыз курулган жок. Эгер мындай кетсек, Бишкек чоң эле айыл болуп калат, ошого баратабыз»,- деп билдирди. 5 млрд сом жөндөн — жөн эле жок болгонун айтып, «Улуу Көчмөндөр деп түзүп, ага 3 млрд сом бердиңер, топчу менен мык чыгар деп, “Кыргызиндустрия” деп атап алып, ага 1 млрд сом, Кыргыз Туризмге 1 млрд сом бөлдүңөр. Эч кандай жыйынтык болгон жок»,- деди. Эми Асман шаарын курбай эле ага кеткен каражатка борбор калааны оңдоп алуу сунушун киргизди.

reklam