Египет БРИКСке кирүүгө арыз берди

Автор

Египет БРИКСке кошулууга арыз бергенин Россиянын Каирдеги элчиси Георгий Борисенко билдирди.
Дипломат белгилегендей, Египет бийлиги БРИКСтин демилгелеринин бирине – сооданы максималдуу түрдө альтернативдүү валюталарга которууга кызыкдар.
БРИКСке Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирет.
Египет ассоциацияга кирүү мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгы тууралуу 2022-жылдын июль айында БРИКС эл аралык форумунун президенти Пурнима Ананд билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Головкин  дүйнөлүк наамдардан баш тартты

Казакстандык легендарлуу боксчу Геннадий Головкин (42-2-1, 37 КО) ушул убакка чейин Эл аралык бокс уюмундагы (IBO)  жалгыз куру болгон орто салмактагы титулунан расмий түрдө баш тартты. Бул тууралуу  Эл аралык бокс уюму билдирди. IBO президенти Эд Левин орто салмактагы титул азыр бош экенин жарыялады. Эске салсак, буга чейин 40 жаштагы […]

Сизге жагышы мүмкүн