reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9781 % % 0.13
EURO 31,5712 % % 0.17
GRAM ALTIN 1.924,30 % % 0,01
ÇEYREK A. 3.146,23 % % 0,01
BITCOIN 1.161.113 % 1.696
Соңку кабар
reklam
Google News

“Евровидение-2024” өтө турган шаар аталды

Son Güncelleme :

08 июля 2023 - 10:26

reklam
“Евровидение-2024” өтө турган шаар аталды
reklam

Швециянын Мальмё шаары Евровидение-2024 ыр сынагын өткөрөт.  Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу — Европа телерадиоберүү биримдиги (EBU) билдирди.

«Мальмё шаар тендеринин жыйынтыгында тандалып алынган, анда башка критерийлер менен катар коноктун шарттары, келген миңдеген делегацияларды, тасма тартуучу топторду, күйөрмандарды жана журналисттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле жергиликтүү инфраструктура бааланган», — деп айтылат билдирүүдө.

Мелдештин финалы 11-майда “Malmö Arena” спорт комплексинде өтөт. Ошондой эле 7 жана 9-майда жарым финалдык оюндар болот.

Швеция Евровидениени жетинчи жолу өткөрөт. Салтка ылайык, сынактын жеңүүчүсү кийинки жылы анын ээси болуп калат. Швециялык ырчы Лорин Ливерпулда өткөн Евровидение 2023 сынагында жеңишке жетти.

reklam