reklam
reklam
hava 28° Orta/Rüzgârlı
DOLAR 27,2522 % % 0.16
EURO 28,9118 % % 0.22
GRAM ALTIN 1.676,01 % % -0,02
ÇEYREK A. 2.740,27 % % -0,02
BITCOIN 719.707 % 0.549
Соңку кабар
reklam
Google News

Дөңгөлөктүү чемодандарга тыюу салынды

Son Güncelleme :

03 июля 2023 - 10:55

reklam
Дөңгөлөктүү чемодандарга тыюу салынды
reklam

Хорватиянын Дубровник шаарындагы туристтер эми шаардын көчөлөрүндө чемодандардын ызы-чуусу үчүн айып пул төлөшү мүмкүн. Шаар башчысы жергиликтүү тургундардын тажатма ызы-чуу тууралуу көптөгөн даттануусунан улам шаарда дөңгөлөктүү чемодандарды колдонууга расмий түрдө тыюу салды. Алардын айтымында, чемодандардын ызы-чуу алардын жакшы уктоосуна тоскоолдук жаратууда.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн шаар мэри Мато Франкович Эски шаарда дөңгөлөктүү чемодандарды колдонууга тыюу салган жаңы эрежелерди киргизди. Бул тыюуну бузгандар 288 доллар айыпка жыгылат. Ноябрь айынан баштап саякатчыларга чемодандарын шаардын сыртына калтырууга мүмкүндүк берүүчү жаңы система киргизилет. Андан кийин курьерлер чемодандарды түз эле көрсөтүлгөн даректерге жеткиришет.

reklam