Дүнүйөнүн эң бай адамы жөнүндө кызыктуу фактылар

Автор

93 жаштагы Уоррен Баффет дүнүйөнүн эң бай адамдарынын бири. Ал 107 млрд долларга ээлик кылат. Алгачкы, акчасын гезит сатуу менен баштаган Баффет бай үй – бүлөдө туулбаса да, 11 жашында өз теңдүүлөрүнүн эң байы аталды. 16 жашына келгенде анын банктык эсебинде 50 миң доллардан ашык каражаты топтолгон. 1940-жылы али бала кезинде бир топ фирмаларды курду. 2017-жылы болсо, ар күн 37 млн доллардан пайда көрдү.

Ал эми жеке жашоосунда аны дүнүйөнүн эң бай адамдарынын бири деп айтууга болбойт. Анткени, 60 жылдан бери жөпжөнөкөй, эски бир үйдө турат. Эрте мененки тамагына күн сайын 3 доллар гана жумшап, люкс ресторандарга баруудан баш тартат. 2020-жылы “Apple” компаниясынын башкы директору Тим Кук Айфон 11 белекке бергенге чейин ачылып жабылган эски телефон колдонуп жүрдү. Азыр деле 20 миң долларлык машине айдап, 93 жашта болсо да, күндөрүнүн 80 пайызын 500 бет китеп окуу менен өткөрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Күнөөлөрдүн эң чоңу

Муса пайгамбардын жанына бир аял келип,”мен чоң күнөө иштеген аялмын. Эмне кылсам болот”,- деди. – Ал кандай күнөө-,деп сурады Муса. Аял жооп берди. – Мен башым бош туруп, зына кылдым. Төрөгөн баламы да мойнунан бууп өлтүрдүм. Муса пайгамбар аялды жанынан кууп, “кеткин, ээй аял. Бул жерде турба! Балким сенин күнөөңдөн […]

Сизге жагышы мүмкүн