Мигранттарга таксиде иштөөгө тыюу салуу пландалууда

Автор

Крокус Сити Холлдогу теракттан кийин Россиянын бир катар аймактарында чет элдиктердин транспорт тармагында иштөөсүнө тыюу салынды. Бул практика жакын арада өлкө боюнча жайылтылат.
Бул тууралуу «Таксини өнүктүрүү боюнча коомдук кеңештин» жетекчиси Ирина Зарипова билдирди. Ал белгилегендей, учурда такси айдоого орус тили расмий тил болгон өлкөлөрдүн жарандарына гана уруксат берилген. Булар Беларуссия, Кыргызстан жана Казакстан. Калгандарына формалдуу түрдө тыюу салынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Караколдогу эки базардын ээси кармалды

Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарларынын ээси Р.А.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси Р.А.Т. кармалды. Кармалган Р.А.Т. узак мезгил аралыгында көрсөтүлгөн соода базарларда иш […]

Сизге жагышы мүмкүн