Дүйнөдөгү эң кымбат футбол клубдары аталды

Автор

Дүйнөдөгү эң кымбат футбол клубдары аныкталды. Бул тууралуу “Forbes” журналы  билдирди.

Маалыматка ылайык,тизменин сап башында “Реал Мадрид” клубу турат. Аналитиктер “Реалдын” баасын 5,68 миллиард еврого баалашты. Экинчи орунду 5,62 миллиард еврого бааланган англиялык “Манчестер Юнайтед” ээледи. Алдыңкы үчтүктү испаниялык “Баселона” клубу  жапты (5,16).

Топ-5ке ошондой эле Ливерпуль (4,95 миллиард) жана Манчестер Сити (4,67 миллиард) кирди. Алардан кийин Мюнхендин Бавария (4,55 миллиард), Пари Сен-Жермен (3,94 миллиард), Челси (2,9 миллиард), Тоттенхэм (2,62 миллиард) жана Арсенал (2,12 миллиард) турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жумаев Алтынбек Мусаевич Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн