Депутат Акылбек Түмөнбаев 0,5 литр суу 110 сом деп Экономика министри Данияр Амангелдиевге кайрылды эле ал “мындай баа жок”,- деди.
“Силер билбейсиңер да, сизге мамлекеттин эсебинен бекер берилет. Андыктан, суунун баасын билбейсиз”,- деди депутат.
“Урматтуу депутат, бизге бекер берилбейт. Биз деле сиз окшоп айлык маянага жашайбыз. Эл катары эле дүкөнгө барып, сатып алабыз”,- деп жооп берди.
Жыйынтыгында экөө суунун баасын талашып тартышып отуруп, дүкөнгө бармак болушту эле министр кызуу кандуулукка алдырбай “мен сиз менен барганга даярмын. Бирок, андай баа жок”,- деп токтотуп калды.
Ташкент-Москва: Өзбекстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюлду
Шей Май 28 , 2024
Россия Өзбекстанда чакан атомдук электр станциясын курат. Бул боюнча келишимге 27-майда Ташкентте Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду. «Дүйнөнүн бардык алдыңкы өлкөлөрү өзөктүк энергетика аркылуу өздөрүнүн энергетикалык коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда. Өзбекстандын өнүгүүсүн ойлосок, бул долбоор биз үчүн өтө маанилүү»,-деди президент Шавкат Мирзиёев. «Росатомдун» башкы […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/05/original-1a25.jpg)