Депутаттар тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

Автор

Бүгүн, 29-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда жактырды.

Жыйында долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов баяндама жасады. Желектин сунушталган вариантында туунун нурлары тик чачырап, түндүктүн ортосундагы чамгарагы үчтөн төрткө көбөйтүлүп жатат.

Эске салсак, быйыл сентябрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган долбоор коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоорунда туудагы күн нурларынын формасын өзгөртүү демилгеленген.

Бөлүшүү:
Next Post

2024-жылы "Дүйнөлүк достук оюндары" Орусияда өтөт

Россиялык спортчулардын эл аралык спорттук иш-чараларга эркин катышуусун камсыз кылуу максатында 2024-жылы “Дүйнөлүк достук оюндары” эл аралык мелдештерин Москва жана Екатеринбург шаарларында өтөт. Өкмөткө сынакты даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү тапшырылды. Оюндарды уюштуруу комитети 2024-жылы 2 айдын ичинде мелдешке байланыштуу негизги иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыз […]

Сизге жагышы мүмкүн