Германия Россиянын консулдуктарын жапты

Wp Pw

Германиянын федералдык өкмөтү  Россиядагы немис дипломаттарынын санынын кыскарышына жооп иретинде өлкөдөгү россиялык башкы консулдуктардын көбүн жапты.

Немис бийликтери шаршемби күнү беш башкы консулдугунун төртөө 2023-жылдын аягына чейин жабыларын жарыялады. Берлиндеги Россиянын элчилиги жана бир башкы консулдук гана ишин улантат.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Кристофер Бургер  орус өкмөтү чыңалууну күчөтүүгө  багытталган кадамга барганын  баса белгилеп, бул  бардык аймактарда Россиянын катышуусун олуттуу кыскартууга мажбурлап жатканын баса  белгиледи.

Next Post

Экинчи талапкерге да кылмыш иши козголду

УКМК 28-майда болуп өткөн N:26 -Ленин округу үчүн шайлоодо талапкерлердин бирөө добуш сатып алууга аракет жасаганын билдирди. Мындан улам талапкерге Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу)  менен иш козгоду. Тергөөнүн жүрүшүндө талапкер С.У.А. жана анын айланасындагылардын үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети көрүлгөнү, шайлоо фондуна кирбеген каржыны, административдик […]