БУУ Газа тилкесинде канча үй кыйраганын маалымдады

Автор

Баш катчынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик БУУнун брифингинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча баяндама жасады.  “Газада 1000ден ашуун турак-жай талкаланды. 560ка жакыны катуу жабыркап, жашоого жараксыз абалга келсе,  дагы 12 630 үй азыраак зыянга учурады”,-деди.
Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы кагылышуу 7-октябрда эртең менен башталды.  Израиль Газа тилкесинен ракеталык аткылоого кабылды.  Кол салуу үчүн жоопкерчиликти палестиналык ХАМАС тобу өзүнө алды.  Израилде өзгөчө кырдаал жарыяланды.  8-октябрда премьер-министр Биньямин Нетаньяху Газага чабуулун жарыялап, тургундарды шаардан чыгып кетүүгө чакырды.   Муну менен катар Израиль өлкөнүн согуш абалына өткөнүн расмий жарыялады.
Бир катар дүйнөлүк лидерлер жаңжалдын чыгышына комментарий беришти.  АКШ менен Британия Израилдин өзүн коргоого абсолюттук укугу бар деп айтышкан.  Ал эми Ирандын президенти Ибрагим Раиси Палестинанын мыйзамдуу коргонуусун колдой турганын билдирди.   Ал эми Палестинанын Тышкы иштер министрлиги Израиль тарапты тыюу салынган курал колдонгонго айыптады.  Соңку маалыматтарга караганда, Газа тилкесинде аскердик кагылыштан курман болгондордун саны 1000ден ашты.  5 миңден ашууну жаракат алган.  Ал эми Израилде Хамастын чабуулунан курман болгондордун саны 1200дөн ашты.

Бөлүшүү:
Next Post

U-23: Кыргызстандын  күрөш боюнча курамасы Дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча (U-23) (грек-рим күрөшү, эркин күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү) курама командасы Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык,  мелдеш 23-29-октябрь күндөрү Албаниянын Тирана шаарында өтөт.   Курама команданын тизмеси:   Эркин күрөш:   – 55 кг Бекзат Алмаз уулу; – 61 кг […]

Сизге жагышы мүмкүн